Эдмар Ласерда: U-23 турнирунда мыкты футболду көрсөтүүнү каалайбыз
Азия Кубогунун U-23 финалдык этабына даярдык көрүү алдында бүгүн Кыргызстандын олимпиадалык командасынын катышуусунда пресс-конференция өттү.
Кыргыз футбол федерациясынын маалыматы боюнча, конференциянын негизги катышуучулары — башкы машыктыруучу Эдмар Ласерда жана команда капитаны Саид Дациев.
Эдмар Ласерда команда сапарынын сапаттуу жана көркөм футбол көрсөтүүгө багытталганын белгиледи. «Биздин топто күчтүү атаандаштар бар экенин түшүнөбүз, бирок биз бул сыноого даярбыз. Биздин даярдыгыбыз жакшы болду, жана биз бардык потенциалыбызды көрсөтүүгө ниеттенип жатабыз», - деди ал.
Команданын капитаны Саид Дациев, командасы көркөм жана ишенимдүү ойногусу келерин кошумчалады. «Биз ар бир оюнга олуттуу даярдык менен келип, позитивдүү натыйжага гана багытталганбыз», - деп билдирди ал.
Эскерте кетсек, эртең биринчи оюнда биздин команда турнирдын ээлери — Саудия Аравиясынын командасы менен беттешет. Оюн Бишкектин убактысы боюнча 22:00дө башталат. Турнирдын оюндарын түз трансляциялоо УТРК Спорт жана Кыргыз Спорт ТВ телеканалдарында жеткиликтүү болот.
Окшош материалдар:
