Кызыл-Киеде рейд учурунда 45 кайырчы кармалды
Кызыл-Кие шаарында Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги астында 45 адам, кайыр сурап жүргөндөр, кармалып, жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Маалыматка караганда, «Кайырчы» деп аталган рейд 2023-жылдын 25 жана 26-февралында шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өттү.