Бишкекте жыл башынан бери "Арсенал" профилактикалык рейддери өткөрүлүүдө
2023-жылдын 1-январынан 1-апрелине чейин Бишкекте "Арсенал" деп аталган профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Башкы ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, операциянын максаты калкты коргоо жана курал-жарактын мыйзамсыз жүгүртүүсү менен байланышкан кылмыштарды алдын алуу болуп саналат. Операциянын негизги милдеттери мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү жана курал сатуу учурларын аныктоо жана токтотуу, ошондой эле жарандар менен уюмдардын курал-жарак жүгүртүүсү жана анын колдонулушу