Россияда миграция боюнча каттоодо 268 миңден ашык кыргызстандык турат
Новосибирскте 17 791 кыргызстандык катталган, алардын ичинен 4 624 адам контролдонуучу чет элдиктердин реестрине киргизилген. Новосибирсктеги Кыргызстан Республикасынын башкы консулу Айбек Айдарбековдун маалыматы боюнча, Россияда миграциялык каттоодо 268 460 Кыргызстандын жараны бар. Бул маалымат Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтылды.