
Учурда Кыргызстанда Яндекс.Такси комиссиясын жөнгө салуу үчүн мыйзамдык механизмдер жок. Бул тууралуу Антимонопольдук жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев Жогорку Кеңештин финансылык, бюджеттик, ишкердик жана атаандаштык өнүгүү боюнча комитетинин отурумунда билдирди.
Депутат Дастан Бекешев талкуу учурунда Экономика министрлигинин тараптан комиссияны жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроо берди.
Мамыралиев бул боюнча жооп берип, учурда ведомствонун аталган платформанын кызматтарына бааларды жөнгө салуу үчүн ыйгарым укуктары жок экенин белгиледи. Бирок, ал жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен мындай ыйгарым укуктар пайда болушу мүмкүн экенин айтты.
Антимонопольдук кызматтын башчысы мыйзам кабыл алынгандан кийин мамлекетте мындай кызматтарды контролдоо үчүн жаңы инструменттер пайда болорун кошумчалады.
Сүрөт www