Поезддардын кулашы Испанияда: жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок
Испанияда, Адамус деген айылдын аймагында, 18-январда эки жүргүнчү поездин кагылышуусу менен трагедиялуу темир жол кырсыгы болду. Окуянын натыйжасында кеминде 39 адам каза болуп, 120дан ашык адам жаракат алды. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, учурда жабыркагандар жана каза болгондор арасында Кыргызстандын жарандары табылган жок. Ошондой эле, кыргызстандыктардан Франциядагы элчиликке жардам сурап кайрылуулар болгон жок.