Почти 27 тонна пияз Өзбекстандан Кыргызстанга өткөрүлгөн жок
Фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо максатында Ош облусунун химиялаштыруу, коргоо жана карантин боюнча башкармалыгы мамлекеттик чек арада контролду күчөттү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги берген маалыматка ылайык, өткөн жумада «Достук» өткөрмө пункту аркылуу Өзбекстандан 26 тонна 978 килограмм пияз киргизилери пландалган.