Аэропортко бараткан жолдо Ошто авариялык дарактарды алып салышат
Ош шаарында, «Манас-Ата» башкаруусундагы аэропортко алып бараткан жолдун боюна авариялык абалдагы чынарларды алып салуу пландалууда. Бул тууралуу «Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты» муниципалдык ишканасы маалымдады. Ишкананын маалыматына ылайык, аэропорттун жолунун боюна 230дан ашык чынар өсүп жатат: бир жагында 110дай дарак, экинчи жагында болсо болжол менен 120 дарак бар. «Бардык дарактарды толугу менен кесүү талап кылынбайт. Тек гана канааттандырарлык абалда эмес болгон