"Бардык иштердин аякташын күтүңүз". Мэр ЦУМдагы болуп жатканга нааразы болгондорго кайрылды
“Кабар” агенттигине берген интервьюсунда шаар башчысы жаңы фонтан комплекси боюнча курулуштун жыйынтыгы тууралуу азырынча сүйлөшүү эрте экенин, анткени иштер дагы уланууда экенин белгиледи.
“Проекттин авторлору иштер толук аяктаганга чейин күтүүнү суранышууда. Фонтанды реабилитациялоодо көпчүлүк дарактарды жоюу боюнча нааразычылык билдиришкен. Бирок, эгер алардын ордуна жаңы дарактар отургузулса, бул жаманбы? Учурда ал жерде 4төн 5 метрге чейин бийик жаңы дарактар отургузулууда. Бул аймак дагы коомдук мейкиндикке айланат. Бардык иштер аяктаган соң гана баа берүү керек экенин дагы бир жолу белгилегим келет”, - деди мэр.
Эскерте кетсек, учурда ЦУМдын жанындагы иштеп жаткан фонтан комплекси ордунда жаңы көп функциялуу объекттин курулушу жүрүп жатат. Проекттин авторлорунун айтымында, фонтанлар сакталат жана жаңыланат.