МИД Кыргызстандын жарандарына Иранга сапарлашуудан баш тартууну сунуштайт
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иранда болгон жарандарга жана бул өлкөгө сапар пландап жаткан адамдарга кайрылат. Учурда көпчүлүк эл аралык авиакомпаниялар Иранга жана Ирандан учууларын токтотуп же кыйла кыскартып жатышат. Ошондой эле учуу графигинде үзгүлтүксүз өзгөрүүлөр байкалууда. Эгер сиз учак менен учуп кете албасаңыз, коңшу өлкөлөр аркылуу жер транспорту менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.