Баткен облусунда 8 подстанцияда энергия жабдуулары жаңыланды
Баткен облусунда эски май өчүргүчтөрдү сегиз подстанцияда алмаштыруу иштери аяктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги билдирген.
35/6 кВ «Чаувай» подстанциясында В-6 кВ «РЭШ-22», «Школа», «Завод» жана «Участок» линиясындагы эски май өчүргүчтөр демонтаждалды. Ошондой эле 35/6 кВ «Насосная – Кулунду» подстанциясында В-6 кВ «Т-1», «АГ-1» жана «АГ-22» линиясында аналогдук иштер жүргүзүлүп, жаңы 10 кВ вакуумдук өчүргүчтөр орнотулду.
35/10 кВ «Кара-Булак» подстанциясында В-10 кВ «Белес» жана «Боз-Тумшук» линиясындагы өчүргүчтөр алмаштырылды, ал эми 35/10/6 кВ «Достук» подстанциясында В-10 кВ «Нефтопром» жана «Достук» линиясында да заманбап аналогдор орнотулду.
Мындан тышкары, 35/10 кВ «Кара-Булак» жана 35/10 кВ «Марказ» подстанциялары 35 кВ ОДКЗ-35 кВ Т-1 жабдыктарынын ордуна жаңы вакуумдук өчүргүчтөрдү алышты.
110/35/10 кВ «Самат» жана 35/10 кВ «Сулюкта» подстанцияларында да аккумулятордук батареялар заманбап моделдерге алмаштырылды. Келечекте 35/10 кВ «Кара-Токой-1» подстанциясында 10 кВ вакуумдук өчүргүчтөрдү орнотуу пландалууда.
«Заманбап вакуумдук өчүргүчтөр заманбап талаптарга жооп берет, жогорку ишенимдүүлүккө ээ, өрт коркунучун жаратпайт жана эксплуатация чыгымдары төмөн», — деп кошумчалашты министрликтен.