
Президенттин администрациясына имаратты өткөрүү маселеси күн тартибинен алынды.
Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында борбордун мэри Айбек Джунушалиев Сүрөтчү үйү шаардык менчикте калаарын билдирди.
Мэрдин белгилөөсү боюнча, имаратты президенттин иш башкармалыгына өткөрүү боюнча сунуш коомчулукта чоң резонанс жаратты. Алынган сунуштарга байланыштуу мэрия бул маселени күн тартибинен алып салууну чечти.
«Үй ишин улантат», - деп кошумчалады Джунушалиев.
Мурда Сүрөтчү үйү башка объектилер жана жер участкалары менен бирге президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүшү мүмкүн экени талкууланган.
Сүрөт www