
Ошондой эле, министрликке караштуу Жол эксплуатациялоо ишканасы (ЖЭИ) № 9 Бишкек – Ош авто жолунун «Сосновка» постунан Тоо-Ашуу ашуусуна кире беришке чейин (80-139-километр) тосмо огражденияларды алмаштырууда. Жалпысынан 200 даана тосмо (парапет) орнотуу пландалууда, анын 180 даанасы азыркы учурда орнотулган.
Бул тосмо ограждениялар Бишкек – Ош авто жолунун реконструкцияланган учурунан бери 20 жылдан ашык жаңыланган эмес экенин белгилеп өтүү керек.