

«Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда КРнын ГНСинин карыздарды өндүрүү жана жергиликтүү салыктарды көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги Туратбек Кульчороев салык төлөөчүлөргө кошумча чыгымдарсыз өздөрүнүн карыздарын убагында билүүгө жардам берген салык төлөмү боюнча талап (НПТ) тууралуу айтып берди.
Ал ошондой эле салык органдарынын жарандардын банк эсептерине кирүү мүмкүнчүлүгү бар деген мифтерди жокко чыгарды.
«Бул механизмде тынчсызданууга негиз жок. Биздин банк эсептерине түз кирүү мүмкүнчүлүгүбүз бар деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Биздин кызмат НПТны банктарга жөнөтөт, ал эми банктар белгиленген процедурага ылайык талаптарды коюшат», - деп түшүндүрдү ал.
Кульчороев НПТ 1996-жылдан бери бар экенин, ал кезде Салык кодексинин биринчи версиясы кабыл алынганын белгиледи. Өзгөртүүлөр бул инструменттин колдонулушун кеңейтүүгө гана байланыштуу: быйылкы жылдын 1-январынан тартып НПТ юридикалык жактар жана жеке ишкерлерден тышкары жеке адамдарга да жайылтылды.Жарандарды көбүнчө кызыктырган салык түрлөрүнө мүлк салыгы жана киреше салыгы кирет.
Ал НПТ алдын алуу чарасы болуп, ашыкча төлөмдөрдөн качууга жардам берерин кошумчалады.
«Эгер жаран жылына мүлк үчүн 2 миң сом төлөшү керек болсо, бирок кандайдыр бир себептерден улам бул тууралуу унутуп калса. Соттук доо коюу мөөнөтү 6 жыл. Эгер төлөбөсө, карыз 12 миң сомго чейин өсүшү мүмкүн, ал эми айып пулду эске алганда — 24 миң сомго чейин. НПТны эрте этапта коюу мындай кырдаалдардын алдын алууга жана эки жолу төлөөдөн качууга мүмкүндүк берет», - деп баса белгиледи Кульчороев.