Биринчи класска кабыл алуу. Мектептерге жасалма каттоону көзөмөлдөшөт
Ал өткөн жылдагы учурларды эске салды, анда ата-энелер балдарын бир дарекке топ-топ менен каттап, белгилүү бир мектепте орун алуу үчүн аракет кылышкан.
«Биз мектептердин администрациялары, ата-энелер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен иш жүргүздүк. Бул үчүн жоопкерчилик ата-энелерге жүктөлөт. Мектеп директорлоруна жана билим берүү мекемелерине өткөн жылдагы кырдаалдарды кайталабаш үчүн сунуштар берилди. 2026-жылы мындай учурлар болбойт деп үмүттөнөм», — деди Рахат Мусаева.
Эскерте кетсек, 2025-жылы айрым билим берүү мекемелеринде балдардын жалган каттоосунун учурлары аныкталган. Кээ бир жарандар мыйзамдуу өкүлдөр (опекундар) катары катталып, балдарды жасалма документтердин негизинде электрондук каттоодон өткөрүшкөн. Мисалы, Бишкектеги № 29 мектепте 86 мыйзамсыз каттоо учуру аныкталган. Ошондой эле республика боюнча башка билим берүү мекемелеринде да ушундай инциденттер болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгында бардык мыйзамсыз катталган балдар тууралуу маалымат жокко чыгарылган.