
Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө балдарды жер тилкелер менен убагында камсыз кылбоо менен байланышкан мыйзам бузуулар аныкталды, бул болсо балдар жана турак жай укугу боюнча мыйзамдардын бузулушу болуп эсептелет. Муну менен байланыштуу Ак-Башат айыл өкмөтүнө прокурордук реакциянын актысы жөнөтүлдү.
Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматынын сүрөтү.
Актын каралышынын натыйжасында балдардын укуктары калыбына келтирилди, жана аларга жашоого арналган үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерине жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актылар тапшырылды.