
Жакынкы Чыгыштагы учурдагы окуяларга өзгөчө көңүл бурулду
ГКНБ академиясында уюштурулган тегерек столдо Кыргызстандагы терроризм жана экстремизм маселелери талкууланды. Бул тууралуу маалымат атайын кызматтын басма сөз кызматы тарабынан берилди.
Талкууга Антитеррордук борбордун, Эл аралык терроризм жана диний экстремизм менен күрөшүү боюнча Башкы башкармалыктын өкүлдөрү, ошондой эле Башкы чалгындоо жана контрчалгындоо башкармалыктарынын кызматкерлери, Юридикалык камсыздоо кызматынын адистери жана ГКНБнын аймактык бөлүмдөрүнүн эксперттери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Сирия жана Ирактагы конфликт зоналарынан кайтып келген репатрианттарды реабилитациялоо жана адаптациялоо маселелерине, ошондой эле алардын Кыргызстан коомчулугуна интеграцияланышына өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле тегерек столдун катышуучулары Жакынкы Чыгыштагы учурдагы окуялардын өлкөдөгү диний жана саясий кырдаалга тийгизген таасирин талкуулашты.
Сүрөт www