Нидерландыда д’Артаньян болушу мүмкүн болгон скелет табылды

Марина Онегина Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Реставрация иштеринин жүрүшүндө Маастрихттеги чиркөөдө алтардын астында жерленген адамга таандык скелет табылган. Бул анын жогорку социалдык статусунан кабар берет. Могиланын ичинде мушкеттин огу жана француз монетасы да табылган, деп билдирет Нидерландиянын NOS басылмасы.

Скелет ДНК-анализге жөнөтүлдү, изилдөөчүлөр бул Шарль де Кастельмор д'Артаньян болушу мүмкүн деп болжолдошууда — француз королу Людовик XIVтин мушкетерлер капитаны жана Александр Дюма жазган «Үч мушкетер» романынын каарманын прототипи. Тарыхый маалыматтарга ылайык, д'Артаньян 1673-жылы Маастрихтты курчоодо мушкеттин огу менен жоон тамагына же көкүрөгүнө тийип, каза болгон. Анын жерленген жери азыркы убакка чейин белгисиз болуп келген.

Казууларга катышкан археолог Вим Дейкман өзүнүн жыйынтыктарында этияттык көрсөттү: «Бул анын болушу мүмкүн экенин четке каккан эч нерсе жок. Бирок мен ДНК-анализдин жыйынтыктарын күтүп жатам», — деди ал NOS менен болгон маегинде.
VK X OK WhatsApp Telegram