8-апрелден баштап Улуу Британия кирүү визаларынын дээрлик бардык түрлөрүнүн баасын жогорулатат
Жаңы тарифтер боюнча, алты айга чейин иштеген кыска мөөнөттүү туристтик визанын баасы 127 фунт стерлингден 135 фунт стерлингге көтөрүлөт.
Узак мөөнөттүү визалар да кымбаттайт: эки жылдык виза азыр 506 фунт стерлинг, беш жылдык — 903 фунт, он жылдык — 1 миң 128 фунт стерлинг турат. Өзгөртүүлөр Британияда билим алуу же медициналык дарыланууну пландап жаткан адамдарга да тиешелүү.
Студенттик визанын баасы 558 фунт стерлингди түзөт, ал эми жеке медициналык кызмат алуу үчүн виза алуу үчүн 234 фунт стерлинг төлөш керек. Ошондой эле, жүргүнчүлөр үчүн транзиттик визанын жыйымы 74,5 фунт стерлингге жогорулайт.
Мындан тышкары, Улуу Британия менен визасыз режимге ээ өлкөлөрдүн жарандары үчүн электрондук кирүү уруксатынын (ETA) баасы 16 фунт стерлингден 20 фунт стерлингге чейин жогорулайт.