
1-апрелден баштап кирешенин жогорулашы күтүлүүдө
1-апрелден баштап, эмгек стажы жок артисттер айлык жогорулоосунан кийин болжол менен 35 миң сом алат. Бул тууралуу Финансылык министрликтин штаттык сан жана айлык акы анализи башкармалыгынын начальниги Нурадил Карыпбаев «Элден собол» программасында билдирди.
Учурда артисттердин колуна тийген сумма болжол менен 16 миң сомду түзөт.
«Бардык маданий мекемелердин негизги кызматкерлерине толук ставка үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизилет. Эгер кызматкер жарым ставкада иштесе, ага 7500 сом төлөнөт», - деп тактады Карыпбаев.
Мындан тышкары, техникалык кичи кызматкерлер үчүн дагы 5 миң сом өлчөмүндө кошумча президенттик компенсация каралган.
сүрөт www