
«Бишкекводоканал» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, суу өчүрүү турак жайларды, мектептерди жана бала бакчаларды, ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелерин жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерин камтыйт.
Мэриянын сүрөтү. Жарым күн суу жок. Бишкекте суу камсыздоосу кайда өчүрүлөт
Суу камсыздоосуз калчу аймак Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү жана темир жол линиясы менен чектелет деп күтүлүүдө.
Суу өчүрүүнүн себептери «Тоголок Молдо» суу алуу жайындагы реконструкция иштерин жана шаардык суу түтүктөрүн модернизациялоону жүргүзүү болуп саналат, деп тактады «Бишкекводоканалдан».
Ишкананын өкүлдөрү мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарга жана уюмдарга ичүүчү суу запастарын алдын ала камдап алууну сунушташты.
Ошондой эле, колдонуучулар пландалган жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу актуалдуу маалыматтарды «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу ала алаары маалымдалды.