
10-марттан 20-мартка чейин Бангкокто тай боксу боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, Кыргызстандык спортчулар өздөрүн мыкты көрсөтүп, жалпы 12 медаль утушту.
Сорундардын жыйынтыгында кыргызстандыктар командасынын казынасына 6 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль кошушту.
Дүйнө чемпиондору арасында:
Вероника Ахматова (54 кг салмак категориясы)Диана Зайнитдинова (57 кг салмак категориясы)Нурдоолот Борубеков (63 кг салмак категориясы)Роберт Пак (67 кг салмак категориясы)Богдан Прошин (75 кг салмак категориясы)Элдар Ешбаев (81 кг салмак категориясы).
Күмүш медалдарды Эркаим Айбекова жана Адис Мирболотов утушту.
Коло медаль ээси: Мекин Асаналиев, Алихан Закиров, Рашид Магомедов жана Раул Рахатбек.
Мындай ийгиликтүү чыгыш Кыргызстанды дүйнөнүн күчтүү командаларынын арасында бекемдеди жана спортчуларынын даярдыгынын жогорку деңгээлин тастыктады.