Көтөрүлгөн маселе боюнча, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин балык чарба комплекси бөлүмү 2026-жылдын октябрь айында карп (сазан) балыктарынын орточо салмагы 25 грамм болгон уруктарын төмөнкү суу сактагычтарга ташуу пландары тууралуу маалымдады:
- Токтогул — 150 миң даана;
- Киров — 100 миң;
- Базар-Коргон — 10 миң;
- Шамалды-Сай — 5 миң;
- Таш-Кумыр — 5 миң.
Мындан тышкары, Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин токтомуна ылайык, Ички иштер министрлиги менен биргеликте Токтогул, Базар-Коргон, Курп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Кумыр, Уч-Коргон жана Киров суу сактагычтарында балыкты мыйзамсыз уулоого жана браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.