
Кыргызстан ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында экс-башкы ГКНБ Камчыбек Ташиев сурак берип жатат. Ал бир катар кылмыш иштеринде күбө катары көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы "Кабар" агенттигине билдирген.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Ташиев бүгүн таңертең Кыргызстанга кайтып келген.
Эскерте кетсек, ал 2026-жылдын 17-февралынан бери өлкөдөн тышкары болгон.