Заманауи «Автоураган» системасы «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Комплекстер өлкөнүн негизги трассаларына орнотулган:
- Бишкек — Кордай;
- Бишкек — Нарын — Торугарт;
- Бишкек — Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол.
Бул автоматташтырылган система ар кандай мыйзам бузууларды, анын ичинде ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу, коопсуздук ремени жоктугу, жол белгилерин эске албоо жана төлөнбөгөн айыппулдардын болушун каттоого жөндөмдүү.
ИИМ «Автоураганды» киргизүүнүн негизги максаты айыппулдарды салуу эмес, жол кырсыктарын алдын алуу жана жарандардын өмүрүн коргоо экенин белгиледи.