Отчетто Бишкек жана Ош шаарларындагы PM2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн концентрациясынын деңгээлин талдоо жана экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштар берилген.
Отчеттун жыйынтыктарына ылайык, абанын булганышы сезондорго жараша өзгөрүп турат, өзгөчө жылуулук мезгилинде байкалып турат.
- Бишкекте белгиленген нормаларды ашкан 120 күндүн тегерегинде катталган, эң жогорку булгануу 2024-жылдын 24-декабрында — өкмөттүн нормасынан 11 эсе жогору болгон.
- Ошто абанын булганышы узакка созулат: 336 күндүн ичинен нормадан ашкан 159 күн катталган. Башкача айтканда, борбордон айырмаланып, булгануу жыл бою байкалган, орточо жылдык концентрациясы 74 мкг/м³ чамасында. Бул өкмөттүн нормасынан 5 эсе, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан белгиленген нормадан 15 эсе жогору.
Экологиялык маселени чечүү үчүн MoveGreen жашыл технологияларды, таза коомдук транспортту, шаардык аймактарды жашылдандырууну жана маалыматтарга ачык жеткиликтүү мониторинг системасын өнүктүрүүнү сунуштайт.
Отчеттун толук тексти тиркелген файлда жеткиликтүү.
МаалыматЖалпы коомдук бирикме MoveGreen — Кыргызстанда, ошондой эле Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азияда иш алып барган экологиялык уюм. 2017-жылдан бери ал өлкөдөгү аба сапатын жарандык мониторингдөө ишин жүргүзүп келет.