Бишкек ШОСко мүчө мамлекеттердин биринчи жаштар Дельфий оюндарына даярданып жатат
Ишчу топтун мүчөлөрү конкурстук чыгыштар жана фестивалдык иш-чаралар үчүн жайларды даярдыгын баалап, катышуучуларды жайгаштыруу жана бардык тартылган кызматтарды координациялоо боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди талкуулашты.
Ар кандай локациялар жана конкурстук номинациялар үчүн жооптуу адамдардын өз ара аракеттенүүсүнө, ошондой эле катышуучулардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду.
23-марттан 28-мартка чейин Бишкекте Биринчи жаштар Дельфий оюндар өтөрү белгиленет, ал таланттуу жаштарды маданият жана искусство тармагында катышуучу өлкөлөрдөн чогултат.
Бул оюндардын программасы сегиз конкурстук номинацияны камтыйт. Иш-чаранын алкагында пианино, сүрөт искусствосу, элдик жана эстрадалык ырдоо, элдик бий, ошондой эле ди-джей сыяктуу багыттар сунушталат. Фестивалдык бөлүмдө элдик аспаптар жана көркөм кол өнөрчүлүк боюнча номинациялар камтылган.
Дагы окуңуз:
Бишкекте ШОСтун I жаштар Дельфий оюндарына даярдык талкууланды
18-февралда Бишкек шаардык мэриясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр үчүн I жаштар...