Президенттин тапшырмасы боюнча Ошто бардык токтоп турган объектилердин курулушу аяктайт
Мэр Жанарбек Акаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен шаардагы курулуш менен алектенген подрядчиктер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө долбоорлордун ишке ашырылышына байланыштуу мурда пайда болгон көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.
Министр Орунтаев курулуш маселелерин чечүү процесси эки этапта жүргүзүлөрүн белгиледи:
- 9 аяктагандан кийин объекттин финансирлөөсү атайын комиссиянын чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт;
- курулушу токтоп калган 24 объект тиешелүү министрликке өткөрүлүп, мыйзамга ылайык иштерди улантуу үчүн берилет.
Ошондой эле мамлекет башчысынын буйругу боюнча Ошто башталган курулуштардын эч бири токтотулбай турганы белгиленди. Бардык долбоорлор мыйзамдык нормаларды сактоо менен аякталат, ал эми ишкерлердин чыгымдары жана иштердин финансирлөөсү республикалык бюджет жана стабилизациялык фонддун эсебинен жабылат.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча мэр жана министр учурдагы курулуш объектилерин текшеришти. Нурдан Орунтаев подрядчиктерди паникага түшпөөгө жана ишти улантууга чакырды. Ал бардык келишимдер мыйзамдын катуу талаптарына ылайык түзүлөрүн жана процесс анын жеке көзөмөлүндө болорун билдирди.
Дагы окуңуз:
Ош шаарындагы курулуштар боюнча карыздар бюджеттен жана президенттин фондунан жабылат
Ош шаарында тиешелүү келишимдерсиз башталган объектилер боюнча курулуш компанияларына болгон...