
Орозо айт майрамын белгилөө учурунда, 20-мартта, 10 миңден ашык милиция кызматкерлери өлкөдөгү коопсуздукту камсыздайт. Полиция күчөтүлгөн режимде иштейт.
Ички иштер министрлиги жарандардын укуктарын коргоого жана укук бузууларды алдын алууга өзгөчө көңүл буруларын баса белгилейт. Айт намазы өлкө боюнча мечиттердин аймагында гана өтөт.
Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, бири-бирине урмат көрсөтүүгө жана укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырат.
ДУМКдан алынган маалыматка ылайык, Айт намазынын программасы 07:30да баяндамадан башталып, андан кийин куттуктоолор, эрежелердин түшүндүрмөлөрү жана акырында майрамдык намаз менен уланат.