Жаңы аймактарды өнүктүрүү үчүн Бишкекте болжол менен 39 миллиард сом керек
Талкуу учурунда депутаттар административдик-территориялык түзүлүш реформасы алкагында шаарды өнүктүрүү үчүн талап кылынган финансылык ресурстарды эсептөөдө колдонулган ыкмаларды сурашты.
Азамат Кадыров алдын ала эсептөөлөр даяр экенин жана кошулган аймактарды өнүктүрүү үчүн 39 миллиард сомдон кем эмес каражат керек экенин билдирди.
Ал бул каражаттар бюджеттен тышкары болуп, инженердик коммуникацияларды куруу жана инфраструктураны жакшыртуу үчүн бөлүнөрүн тактады.