Министрлик 200 тез жардам унаасын сатып алууну пландаштырууда
Тилек Мамадалиев унааларды сатып алууга каражатты Дүйнөлүк банк камсыздай турганын белгиледи.
«Биз жаңы унааларды 2026-жылдын аягына чейин сатып алууну аяктоону пландап жатабыз», — деп кошумчалады ал.
Анткен менен, кийинчерээк сатып алынуучу унаалардын саны боюнча суроого жооп берип жатып, вице-министр учурдагы жылдын аягына чейин 300дөн 400гө чейин тез жардам унаасын сатып алуу пландалып жатканын тактады, алар андан кийин региондорго бөлүштүрүлөт.
Эскерте кетсек, тез жардам унааларынын жетишсиздиги Кыргызстан үчүн, айрыкча борбор шаарда, олуттуу проблема болуп калууда.