1-апрелден баштап дарыгерлердин айлык акысы эки эсе көбөйтүлөт.
Мамадалиевдин айтымында, президенттик фонддон ар бир дарыгер жана медайым үчүн айына 15 миң сом бөлүнөт, бул алардын иши үчүн кошумча стимул болот деп эсептейт.
Мындан тышкары, ал жаш дарыгерлердин депозитинин аймактарда 33 миң сомдон 66 миң сомго чейин өскөнүн белгиледи."Учурда 500 дарыгер бул депозитти үч ай сайын алышат. Жылдын аягына чейин дагы 2000 дарыгерге төлөмдөрдү баштоону пландап жатабыз, бул кадр маселесин чечүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз," - деп кошумчалады ал.
Мамадалиев ошондой эле неонатологдор, педиатрлар жана анестезиолог-реаниматологдор ай сайын кошумча 20 миң сом алышарын билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылга карата бюджети 52 миллиард 383 миллион сомду түзөт, жана жыл сайын өсүп жатат, - деп белгиледи орун басар министр.