
«Торугарт» өткөрмө пунктунда инфраструктуранын модернизациясы ийгиликтүү аяктады, анын ичинде жүк унаалары үчүн электрондук кезек системасы киргизилди. Бул тууралуу маалыматты «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» акционердик коомунан беришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, бул жаңылык жүк транспортунун кыймылын уюштурууда маанилүү кадам болуп калды. Мурда катуу тыгындар пайда болуп, кээде 25 кмге чейин жеткен, бул жол инфраструктурасын гана эмес, Чатыр-Көлдүн айланасындагы экологияга да терс таасир эткен.

Электрондук кезек системасы жүк унааларын алдын ала каттоодон өткөрүүнү жана ачык кезек түзүүнү көздөйт. Унаалар «Кара-Булак» деп аталган атайын күтүү зонасына чогултулуп, андан кийин белгиленген электрондук графикке ылайык өткөрмө пунктуна этап-этабы менен жөнөтүлөт.

Мындай ыкма төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- - өткөрмө пунктунун жанында транспорт каражаттарын топтоону болтурбоо;
- - кирүү жолдорундагы жүктөмдү азайтуу;
- - жүк унааларынын агымын бирдей бөлүштүрүү;
- - мамлекеттик чек араны кесип өтүү процессинин ачык жана болжолдуу болушун камсыз кылуу.

Ошондой эле, долбоор өлкөнүн чек ара инфраструктурасын комплексдүү модернизациялоо алкагында ишке ашырылып жаткандыгы маалымдалды.

Муну менен катар, «Торугарт» өткөрмө пунктунда масштабдуу реконструкция жүрүп жатат: административдик имараттар жаңыланууда, аймактын аянты кеңейип, жаңы текшерүү комплекси курулууда. Сыртка экономикалык ишмердик менен алектенгендер үчүн заманбап күтүү залы ачылды. Бул өзгөртүүлөр чек арадан өтүүнү тездетүүгө, жүк ташуучулар үчүн шарттарды жакшыртууга жана Кыргызстандын транзиттик потенциалын күчөтүүгө багытталган.
