2025-жылы Россияда эмгек мигранттары эки миллиондон ашык патент алышты
Ведомствонун берген маалыматына ылайык, чет элдик жарандар өлкөдө эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн 2,3 миллион патент алышкан, бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөрдөн 9 пайызга жогору.
Ар бир патент алган мигрант жеке адамдар үчүн авансалык салыкты жалпы бюджетке төлөп, анын жыйынтык суммасы 172 миллиард рублге жеткен, бул өткөн жылга караганда 39 пайызга көп.
Эң жогору салык төлөмдөрү Москва, Санкт-Петербург, Татарстан Республикасы, ошондой эле Москва, Ленинград жана Свердловск облустарында катталган.
Учурда Госдумада миграциялык саясатты жакшыртууга багытталган бир нече мыйзам долбоорлору каралууда. Анын ичинде, эмгек мигранттары өздөрүн жана үй-бүлөлөрүн өз аймактарында белгиленген деңгээлде камсыз кылышы, ошондой эле ар бир үй-бүлө мүчөсү үчүн туруктуу авансалык төлөмдү төлөшү сунушталууда. Эгер бул талаптар аткарылбаса, патенттер же иштөөгө уруксаттар жокко чыгарылышы же берилбей калуусу мүмкүн.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Кабмин Минстройдун реестрлерин жаңыртты: курулуп жаткан объектилердин реестри боюнча акы төлөнүүчү кызматтар жана иштердин аякташын тастыктоо киргизилет
- 2025-жылдын 25-декабрындагы №832 токтомуна ылайык, Министрлер кабинети курулуш, архитектура жана...