Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчө статусун бекитүүнү сунушташты

Марина Онегина Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстанда коомдук талкууга «Көчмөн цивилизациялардын мурасы жана Көчмөндөрдүн Дүйнөлүк оюндарына атайын статус берүү» аталышындагы мыйзам долбоору сунушталды.

Документтин негиздемесине ылайык, мыйзам долбоорунун максаты — көчмөн цивилизациялардын мурасын сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясатты конституциялык мыйзам деңгелинде бекитүү, ошондой эле Көчмөндөрдүн Дүйнөлүк оюндары үчүн атайын эл аралык статус орнотуу.

Документте Кыргызстандагы учурдагы мыйзамдар маданий жана спорттук маселелерди фрагментардуу жөнгө салып, өлкөнүн көчмөн маданиятын сактоо жана жайылтуу борбору катары ролун баса белгилеген нормаларды камтыбай турганы айтылат.

Кыргызстан тарабынан башталган Көчмөндөрдүн Дүйнөлүк оюндары кыска убакыттын ичинде маанилүү эл аралык таанууга ээ болуп, маданий дипломатиянын жана өлкөнүн имиджин илгерилетүүнүн маанилүү куралына айланды.

Мындан тышкары, 2025-жылдын декабрь айында World Nomad Games товардык белгисине болгон эксклюзивдик укуктар Кыргызстан мамлекетине өткөрүлүп, белгиленген тартипте катталган.

Мыйзам долбоору төмөнкү жоболорду камтыйт:


Бул мыйзамдын кабыл алынышы оюндарды уюштуруу үчүн туруктуу укуктук негизди түзүп, алардын аталышын, символикасын жана концепциясын коргоону камсыз кылат.

Инициаторлор бул документ республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт жана терс социалдык, экономикалык же укуктук кесепеттерге алып келбейт деп билдиришет.

Эскерте кетсек, Көчмөндөрдүн Дүйнөлүк оюндары биринчи жолу 2014-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн жана этноспортту жана көчмөн элдердин маданиятын жайылтуу үчүн эл аралык платформага айланган. VI Көчмөндөрдүн Оюндары 2026-жылы Кыргызстанда өткөрүлүшү пландалууда.
VK X OK WhatsApp Telegram