Бишкек-Ош трассасында түшкөн лавина тазаланды, кыймыл кайра жанданды

Юлия Воробьева Коом / Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram
Бишкек-Ош трассасында кар көчкү тазаланды, кыймыл калыбына келтирилди

11:30да Бишкек-Ош автожолунда түшкөн кар көчкүнү тазалоо аяктаган. Эми бардык унаалар үчүн кыймыл эки тарапка да ачылды.

Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, «Арал» постунда жүк унаалары үчүн чектөөлөр дагы эле күчүндө.

Маалыматтарга ылайык, кар көчкү 11-мартта 6:50дө Бишкек-Ош автожолунун 224-келометри, Ала-Бель ашуусунда түшкөн. Бул окуя бардык типтеги транспорт үчүн кыймылды убактылуу токтотууга себеп болду.

Тазалоо иштерин №23 жол эксплуатациялык ишканасы атайын техникаларды колдонуп, ыкчам түрдө аткарды.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: