
9-мартта Россиянын илимдер академиясынын космостук изилдөөлөр институтунун кызматкерлери Күндүн сол четинде, экваторунан жогору караңгыланган тактарды байкагандыгы тууралуу маалымдашты.
Ушул эле учурда, илимпоздор күндүн активдүүлүгү жогорулап жатканын белгилешти жана 2035, 2046 жана 2057-жылдары кийинки циклдар азыркыдан да интенсивдүү болушу мүмкүн экенин болжолдошту.
«Бул спутниктердин, навигациялык системалардын жана ионосферанын иштешине таасир этет, ошондуктан күндүн активдүүлүгүнөн улам өзгөрүүлөргө даяр болуу маанилүү», - деп кошумчалашты адистер.
Бул жагдайга байланыштуу «Кабар» агенттиги бул көрүнүштүн себептерин жана адамдарга болгон потенциалдуу таасирин изилдөөгө чечим кабыл алды.Самат Токтогонов, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физика жана электроника факультетинин деканы, күндүн активдүүлүгү табигый жана циклдүү процесс экенин, анын мөөнөтү болжол менен 11 жылды түзөрүн түшүндүрдү.
«Бул Жер үчүн коркунуч туудурбайт. Активдүүлүк ар кандай болушу мүмкүн, жана анын жогорулаган мезгилдеринде эң чоң таасирге космостук станциялар дуушар болушат, алар жетиштүү деңгээлде корголбогон», - деп белгиледи ал.
«Жер ионосфера жана озоносфера менен корголгон. Күндүн активдүүлүгү жогорулаганда, анын кээ бир таасирлери планетага жетиши мүмкүн, бирок негизинен алар байланыштын техникалык каражаттарына гана таасир этет», - деп кошумчалады адис.
«Мындай каражаттарга мобилдик тармактар, ошондой эле радиотолкундарды колдонгон телевидение жана радиоберүү системалары кирет. Адистер мындай жагдайларда бул системаларды кантип коргоо керек экенин жакшы билишет, ошондуктан коркунуч жок», - деп баса белгиледи ал.
Күндүн тактары Күндүн бетинде магниттик талаалардын концентрациясынан пайда болгон участкалар болуп саналат. Бул аймактар, айланадагы температурага салыштырмалуу төмөн температурадан улам, караңгыланып көрүнөт.Күндүн тактары жогорку магниттик активдүүлүктү көрсөтүп, кээде күндүн жаркылдоолору менен коштолот.
Автор: Назира Кенжебекова
Перевод: Гульмира Байтерекова