Шнобелдик сыйлыкты АКШда дагы бербейт
Бул чечимдин себеби президент Дональд Трамптын администрациясы жүргүзгөн иммиграция саясатынын катаалдашканы болуп саналат.
Журналдын редактору жана салтанатты өткөрүүчү, Марк Абрахамс, мындай деди: «Өткөн жылдын ичинде өлкөгө баруу биздин коноктор үчүн коопсуз болбой калды. Биз быйыл сыйлыктарды жана башка өлкөлөрдөн келген журналисттерди Америкага келүүгө чакыра албайбыз».
Мурда салтанат сентябрь айында Гарвард университети, Массачусетс технологиялык институту жана Бостон университети сыяктуу престиждүү окуу жайларында өтчү. Бирок өткөн жылы он лауреаттын төртөө Бостонго баруудан баш тарткан.
Эми сыйлыкты тапшыруу салтанаты Цюрих жана Европа өлкөлөрүндөгү башка шаарларга өткөрүлөт.