Лейлекте гүлдөгөн Айгүл карга көмүлдү. Видео
Борбордун директору Нургүл Туркбаева айткандай, бул гүлдөр бир нече жыл мурун атайын программа боюнча отургузулган. Ар жылы алардын саны көбөйүп, жергиликтүү климаттык шарттарга ийкемдүү болуп жатат. Борбордун кызматкерлери бул уникалдуу өсүмдүктөргө кылдаттык менен кам көрүшөт.
Уюмдун администрациясы гүлдөрдүн бир жума мурун гүлдөп баштаганын, бирок күтүүсүздөн абанын начарлап, кар түшкөндүктөн, азыр алар муздун астында жашырылганын билдирди.
Балдар үчүн кошумча билим берүү борбору чыгармачылык жана гуманитардык дисциплиналарда билим берүүгө көңүл бурат. Учурда 1400дөн ашык окуучу бул уюмдун ар түрдүү кружоктору жана секцияларына катышууда.