




7-мартта Фландрияда кыргыз диаспорасы Ala Too Belgiumдун ачылыш аземи өттү.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, элчиликтин колдоосу менен уюштурулган бул иш-чара Кыргызстан менен Бельгиянын маданий байланыштарын бекемдөөнү, ошондой эле кыргыз жарандары арасында гендердик теңдик жана дене тарбиясы боюнча баалуулуктарды илгерилетүүнү символдойт.
Иш-чаранын жүрүшүндө диаспора өкүлдөрүнө эскерүү белектери тапшырылды, ошондой эле Ala Too Belgiumдун ишмердүүлүгүн колдоо үчүн ыктыярдуу каржылык жардам берилди.
Бул диаспоралык уюмдун түзүлүшү Бельгиядагы кыргыз коомчулугунун өнүгүшүндө маанилүү кадам болуп, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан бекитилген «Мен - Кыргыз жараны» улуттук долбоорунун улантуусу болуп саналат. Бул долбоор кыргызстандыктар арасында жарандык идентичносту жана патриотизмди бекемдөөгө багытталган.