
Аскер прокуратурасы «Кабар» агенттигине Урматбек Шамыркановго карата кылмыш иши козголгону тууралуу маалымдады. Ал мурда Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.
Текшерүү учурунда тиешелүү арызда келтирилген бардык дооматтар изилденет, анын негизинде экс-министрдин аракеттерине юридикалык баа берилет.
Бүгүн президент Садыр Жапаров Шамыркановду кызматтан бошотуу тууралуу указга кол койгонун белгилеп өтүү керек. Ал бул кызматты 2023-жылдын 19-февралынан бери аркалап келген.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозовдун маалыматына ылайык, экс-чиновник пара алуу менен байланышкан коррупциялык кылмышка шектелүүдө.