Анын арызы каралуучу ЦИКтин жыйыны 10-мартка пландалган.
Конгантиев № 21 шайлоо округун (Бишкектин Ленин району) көрсөтүп, 13 379 шайлоочунун добушун алган. Парламентте ал «Эл үмүтү Ата-Журт» депутаттык тобунун мүчөсү болуп, өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын кызматын аркалаган.
Мурда өз мандаттарын төмөнкү депутаттар да тапшырган:
- Эльдар Сулайманов;
- Нурланбек Тургунбек уулу;
- Кундузбек Сулайманов.
Мындан тышкары, Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалгандыктан депутаттык кызматынан кетти.