
Бишкекте, «Ак-Бата» жашоо массивинде 650 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушун символдоштурган капсула коюлду.
Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан уюштурулган аземде министр Нурдан Орунтаев, борбордун мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аймактын тургундары катышты.
Министр өз сөзүндө билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүнүн мамлекеттин негизги милдеттеринин бири экенин баса белгиледи. Ал жаңы мектеп «Ак-Бата» аймагында балдар үчүн ыңгайлуу жана заманбап окуу шарттарын камсыздай турганын айтты. Орунтаев ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин жоюу жана окуучулардын билим берүү шарттарын жакшыртуу боюнча иштер улантыларын белгиледи.