
Бишкекте 10-мартта Жибек Жолу проспектиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылат, деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.
Реконструкция башталгандан мурда көпүрөнүн туурасы 9 метрди түзгөн, бирок жүргүзүлгөн иштерден кийин ал 13 метрге чейин кеңейди.
Аба ырайынын начарлашына байланыштуу жана шаардыктардын ыңгайлуулугун жакшыртуу максатында, көпүрөнүн бир гана тарабы ачылат, ал тарапта транспорттун кыймылы уюштурулат. Экинчи тараптын март айынын аягына чейин жеткиликтүү болушу күтүлүүдө.
Акыркы реконструкция боюнча иштер тиешелүү кызматтардын катышуусунда улантылууда.