





Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозовдун маалыматына ылайык, Катардагы круиздик лайнерде калган 134 кыргызстандык Дохадан Сауд Аравиясына чыгып кетишти. Бул жарандар Эр-Риядга автобустар менен жетип, андан кийин Бишкекке авиарейспен учушат.
Сырткы иштер министрлиги жана Кыргызстандын аталган өлкөлөрдөгү элчиликтери жарандардын чек арадан коопсуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн уюштуруу маселелери жана сүйлөшүүлөр менен алектенишет.
Дохадан чыгып кеткен кыргызстандыктар 8-мартта Эр-Рияддан Бишкекке учуп келишет деп күтүлүүдө.
Президент Садыр Жапаров жакынкы чыгыштагы акыркы окуяларга байланыштуу өлкөлөрдө калган жарандарды кайтарууну уюштуруу зарылдыгын белгиледи.
Ал кайтарууну уюштуруу процессин жеке көзөмөлдөп жатат.
Мурда 260 кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринен эки атайын рейс менен мекенине кайтарылган.