Жалал-Абад облусунда 8-Март Эл аралык аялдар күнүнө арналган концерт жана театралдык көрсөтүү өттү
Программа алкагында аялдарды даңазалаган концерт жана энелердин балдарына болгон чексиз сүйүүсүнө арналган театрлык көрсөтүү болду.
Иш-чарада облус башчысы катышып, бардык аялдарды майрамы менен куттуктуруп, алардын коомдук жашоодогу активдүү катышуусун белгиледи.
Ал бүгүнкү күндө аялдар мамлекеттик башкаруу, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана ишкердик сыяктуу ар кандай тармактарда маанилүү роль ойноп, жогорку профессионализм деңгээлин көрсөтүп жатканын баса белгиледи.
Майрамдык иш-чарага региондон 150 аял катышты. Иш-чараны уюштуруу үчүн президенттин өкүлчүлүгүнүн резервдик фондунан 300 миң сом бөлүнүп, катышуучулардын жеке эсептерине которулду.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Жылдын жыйынтыктары Tazabekтен. 2024-жылы Кыргызстандагы 30 миңден ашык ишканалар дээрлик 800 млрд сом табыш тапты
- 2024-жылы 30 миңден ашык ишканалар жана уюмдар реалдуу экономика секторунда иштеп жатты. Жылдын...