Борбордун өкүлдөрү: "Биз балдардын тагдырына кайдыгер эмес адамдарга кайрылып, кайрымдуулук кылууга чакырабыз. Сиздин салымыңыз аларды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн тамак-аш, камкордук жана бардык зарыл нерселер менен камсыздоого жардам берет" - деп белгилешти.
Балдарды коргоо борбору (БКБ) 1998-жылы негизделген жана кыйын жашоо шартында калган балдардын укуктарын коргоо менен алектенет. БКБнын структурасына зомбулукка учураган балдар үчүн башпаанек, ошондой эле "Дордой" жана Ош базарларынын жанында жайгашкан эки күндүзгү борбор кирет. Күндүзгү борборлор кыйын абалдагы балдар үчүн арналган.
Күндүзгү борборлорду кыдырып жаткан көптөгөн балдар төмөн кирешелүү үй-бүлөлөрдө жашашат. Көп учурда алар ата-энелеринин көңүл буруусунан ажырап, үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн иштөөгө мажбур болушат. БКБнын социалдык кызматкерлери балдарды мектепке жайгаштырууга, аларды ысык тамак менен камсыздоого жана сабактарды уюштурууга жардам беришет. Көпчүлүк балдар үчүн күндүзгү борбордогу тамак-аш — бул күндөгү жалгыз ысык тамак.
Башпаанек жыл сайын 50-60 баланы кабыл алып, аларга психологиялык реабилитация жана билим алууну улантууга мүмкүнчүлүк берет. Башпаанек жана эки күндүзгү борбордун иши үчүн бардык каржылык каражаттар донордук жана демөөрчүлүк колдоонун эсебинен келип түшөт. Бирок азык-түлүктүн баасынын өсүшү жана экономикалык кырдаалдын өзгөрүшү менен балдарды тамак-аш менен камсыздоонун чыгымдары өсүүдө.
Реквизиттер:
МБанк 1030120002526375 (реквизиттер боюнча)Алынуучу ОО "Балдарды коргоо борбору"
О!Деньги тиркемеси
Ошондой эле бизди О! Деньги тиркемесинин бөлүмүндө табууга болот ➡️ Төлөмдөр ➡️ Жакшы иштер ➡️ Балдарды коргоо борбору
Демир Банк
Расчеттук эсеп (сом): 1180000196958407 KGS
Расчеттук эсеп (евро): 1180000196958609 EUR
О!Банк
Расчеттук эсеп (сом): 1250200130007801 KGS