2026-жылы Бишкекте 25 жаңы мектеп жана 7 окуу корпусу курулат
Берилген маалыматка ылайык, Бишкекте 20 жаңы мектеп куруу пландалууда, Ошто 10 билим берүү мекемеси, Манаста болсо 6 мектеп пайда болот.
Мындан тышкары, Саудия өнүктүрүү фонду менен кызматташтыктын натыйжасында Бишкекте 5 жаңы мектеп жана 7 билим берүү корпусу, ошондой эле Чүй облусунда 2 билим берүү мекеми курулат.
«Мурда башталган социалдык объектилердин курулушун аяктоо да каралган», — деп кошумчалашты ведомстводон.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, 2025-жылы өлкөдө 76 жаңы билим берүү мекемеси курулуп, 41 мектеп капиталдык ремонттон өткөн.
Кыргызстанда 2394 мектеп иштейт, анда 1,5 миллион бала билим алууда.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Бишкекте беш жаңы мектеп жана жети окуу корпусу курулат. Райондордун тизмеси
Бишкекте беш жаңы мектептин курулушу 2026-жылы башталат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин эл аралык...