Ошто Суйунбаев жана Атабаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнү демонтаждоо уланууда
Мэриянын маалыматына ылайык, учурда объектте керектүү атайын техника иштеп жатат, ал эми курулуш процессин тиешелүү кызматтардын адистери көзөмөлдөп турушат.
«Эски көпүрөнү бузуу жана жаңы көпүрөнү куруу иштери 12-февралда башталды. Жаңы көпүрөнүн узундугу 12,5 метр, туурасы 21,5 метр болот. Куруучулар иштерди убагында жана жогорку сапатта аяктоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшап жатышат. Бул жылы көчөлөр капитальный ремонттон өтүп, заманбап стандарттарга ылайык келтирилет, бул төрт жолдуу жолду түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, бул аймакта башка көпүрөлөрдү кеңейтүү пландалууда», — деп айтылат расмий маалыматта.