Кызыл-Кийде 85 миллион сомго мал чарбачылык комплекси курула баштады
Бул мал сарайын куруу долбоору үчүн болжол менен 85 миллион сом акча каражаты каралган.
Бул долбоор Кызыл-Кия шаарындагы «Нур» фермердик чарбасы тарабынан ишке ашырылууда.
Кызыл-Кия шаарынын мэри Алтынбек Бектуровдун айтымында, бул долбоордун максаты — региондогу тукумдук мал чарбасын өнүктүрүү жана шаар тургундарын сапаттуу жана арзан эт менен камсыздоо.
«Мамлекет тарабынан тукумдук чарбаларды өнүктүрүүгө басым жасалууда. Бул ферманын курулуш долбоору үчүн 1 гектар 75 сотых муниципалдык жер бөлүнгөн.
Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы менен, Министрлер кабинетинин №309 токтомуна ылайык, азык-түлүк менен камсыздоо үчүн мамлекеттик фонддон кошумча жерлер бөлүнөт. Курулуш аяктагандан кийин фермердик чарба тукумдук ири мүйүздүү малды Россияга жана Европа өлкөлөрүнө экспорттоону пландаштырууда. Негизги максат — региондо эт-сүт багытындагы тукумдук малды жайылтуу аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо», - дейт ал.
Дагы окуңуз:
Кыргызстанда тукумдук чарбалардын саны 185ке жетти
Кыргыз Республикасынын Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги...
Без изображения
Бул Кемин районунун айылдары СССРдин уруучулук ишинин борборлорунун бири болуп калды — бүгүн ал кандай жашайт
Село Ильич, 1930-жылы негизделген, биринчи күндөн баштап мал чарбачылыгынын маанилүү борбору болуп...